www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы акын Аскат Жетигендин ишин карап өкүм чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, Аскат Жетиген Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен «күнөөлүү» деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Ал эми экинчи 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча сот активистти актады.

Бүгүнкү отурумда акын акыркы сөзүн сүйлөп, ага коюлуп жаткан айыптарга макул эмес экендигин айткан.

Белгилей кетсек, буга чейин прокурор судьядан акын жана активист Аскат Жетигенди күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркиндигинен ажыратууну сураган.

Эске салсак, Аскат Жетигенге 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Последние новости