www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун тургундары “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлерди жакшы маанайда тосуп алышты. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов менен жолуккан жергиликтүү калк, пандемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын айтып, ак сакалдуу аталар, ак жоолукчан аплар баталарын беришти. Бул жөн гана сөздөр эмес, а чыныгы колдоо.  

Жолугушуу учурунда “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Искендер Матраимов: - “Бүгүн республикада жалпы системалык кризис башталды.  Коронавирус пандемиясы 2020-жылдын башынан бери көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн алып кетти. Өлкөдө жумушсуздуктун көбөйдү, медицина тармагынын деңгээли алсыз болуп импортко көз каранды экономика мамлекеттик башкарууга жана аткаруу бийлигинин көзкарандысыз чечим кабыл ала албагандыгын көрсөттү. Азыр калк психологиялык кысымды баштан өткөрүп жатат, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал баарыбызды ойлонтту.

Тилекке каршы саясий уюмдун көптөгөн мүчөлөрү дагы бул илдетке кабылып, айрымдары узак убакытка чейин күрөшүп, ал эми кээ бирлери жакындарынан айрылды. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү, бардык адамдардай эле, чоң соккуларды башынан өткөрүштү. Тилекке каршы адамдар буга чейин көп нерсенин баркын билчү эмес. Өлкөнү өнүктүрүү, өстүрүү биздин милдет экенин түшүндүк, - деди талапкер.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Алишер Козуев: - "Ар бирибиз өзүбүздүн көз карашыбызды, өзүн-өзү башкара билүүдө көп кыйынчылыктарды кезиктирдик. Биздин максатыбыз өнүккөн базар экономикасы бар социалдык багыттагы мамлекетти куруу жана ар бир мекендештин жыргалчылыгын жогорулатуу, - деди талапкер.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы - ар бир жарандын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет

Последние новости