www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунун прокуратурасынын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча ведомстволор аралык жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын, соттун, ички иштер органдарынын, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык тармактардын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары, кызмат адамдарынын милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле укук колдонуу практикасы талкууланды. Өзгөчө көңүл балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде ата-энесинин кароосуз калган, миграцияда жүргөн же фостердик үй-бүлөлөрдө жашаган балдардын жашоо шарттарын көзөмөлдөөгө бурулду.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү органдарга профилактикалык иштерди күчөтүү, күтүүсүз текшерүүлөрдү уюштуруу, ошондой эле билим берүү мекемелеринде социалдык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жолугушууларды өткөрүү тапшырылды.