www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен жабыркаган унаа жолдордо транспорттук каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июнда саат 21:20 чамасында Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече чакырым аралыгын сел суулары каптаган.

Окуя болгон жерге атайын техникалар ыкчам тартылып, №45 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада жолдогу каттам эки тараптуу калыбына келтирилди.

Учурда унаа жолду кеңейтүү жана толук тазалоо иштери улантылууда.

Мындан тышкары, Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылында да сел жүрүп, азыркы тапта ал жерде да тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жол каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
 

Последние новости