www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нариман айыл өкмөтүнүн юристи, Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Нариман айыл өкмөтүнүн юристи А.А., Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты П.З. жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Н.Р. кармалды.

Кармалган жарандар айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталды. Азыркы учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости