www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта аял менен мушташа кеткен эркектин видеосу тарап, милиция окуя тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал эртең мененки саат сегиздер чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү кафелердин бирине келген коноктор мушташа кеткенин айткан.

Милиция бул окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. Иликтөө ишинин жүрүшүндө шектүү катары С.К. аттуу 1985-жылы төрөлгөн адам милиция бөлүмүнө алып келинип, суракка алынган соң коё берилген. Тергөөнүн алкагында экспертиза дайындалып, ден соолукка жеңил зыян келтиргени аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Маалымат каражаттары жана социалдык тармактын колдонуучулары аял менен мушташкан жаран бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев экенин жазышты. Ал эми, Сагынбаев окуя тууралуу пикирин билдире элек.

Белгилүү бильярдчы Каныбек Сагынбаев 2021-жылдын февраль айында Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси болгон. Ал дүйнөнүн үч жолку (2007, 2010, 2014-жылдардагы) чемпиону.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости