www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада Запорожье атомдук станциясынын аймагын көзөмөлдөө орус армиясына өткөнү билдирилди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Украинанын Атомдук жөнгө салуу  кеңеши Европанын эң чоң станциясы болгон Запорожье атомдук станциясынын орус армиясынын көзөмөлүнө өткөндүгүн жарыялады.

Кеңештен берилген маалыматта станциядагы энергоблоктордун бүтүндүгүн сактап, радиациялык кырдаалда эч кандай өзгөрүү байкалбагандыгы белгиленди. Маалыматта станция аянтынын орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнү менен станциянын кызматкерлеринин ишин улантып жаткандыгы билдирилди. 

Украина Өзгөчө кырдаалдар кызматы станциянын аянтында кагылышуулардын натыйжасында чыккан өрттөрдүн өчүрүлгөндүгүн маалымдады. Кызматтын билдирүүсүндө, алгачкы аныктамалар боюнча каза болгондор жана жабыркагандардын жок экени айтылды.

Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң чоң атомдук электр станциясы жана дүйнөдөгү эң чоң 10 атомдук электр станциясынын бири катары белгилүү.

Россия - Украина согушунун алгачкы күндөрүндө өлкөнүн түндүгүндөгү орус аскерлери Чернобыль атомдук электр станциясын көзөмөлгө алган.

Өлкөдөгү 4 мекемеде 15 активдүү өзөктүк реактору бар Украина электр энергиясынын жарымына жакынын ушул станциялардан камсыздайт.

Бир тараптан орус армиясынын кечээ борбор шаар Киевдин түндүк чыгышында жайгашкан Чернигов шаарына абадан кол салуусунда 33 жаран каза болду.

Орус армиясы кечээ эртең менен Чернигов шаарында күйүүчү май куюлган цистерналарга сокку урган.

Последние новости