www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер адиси К.А.А. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүүгө аракеттенген.

Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси, жер мыйзамдарын бузуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, тергөөгө чейинки маселени оң жагына чечип берүү жана жардам көрсөтүү максатында К.А.А. аттуу жаран КР УКМК кызматкерине 5 миң АКШ доллары, 691 миң сом жана 5 миң россиялык рубль өлчөмүндө пара сунуштаган.

Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын берүү учурунда аталган К.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кармалды.

Кармалган жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости