www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракалпакстанда кечээ, 19-июль күнү түштөн кийин интернет байланышы кайрадан өчүрүлүп, эки саат мурда калыбына келтирилди.
Нукус шаарынын тургундары саат 15:45те шаарда интернет кайрадан өчүп калганын билдиришти. Каракалпакстанда интернет өчүрүлгөнү боюнча бийлик азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин жергиликтүү басылмалар Нукус шаарындагы өз булактарына таянып, Каракалпакстанда интернет байланышы калыбына келтирилгенин, сайттардагы жана телеграм-каналдардагы маалыматтар жаңыланганын жазып чыгышкан. Бирок интернет убактылуу же биротоло күйгүзүлдүбү деген суроо ачык бойдон калды.
1-2-июлдагы Нукус окуясынан кийин 3-июлдан тарта Каракалпакстанда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан тышкары, республика интернеттен да өчүрүлгөн.
Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Өзбекстан өкмөтүн Каракалпакстандагы интернет чектөөлөрүн алып салууга чакырган.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган. Июндун соңунда мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган.
Парламенттин чечими боюнча, долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми 2-июлда Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган.
Бул окуядан кийин Каракалпакстанда өзгөчө абал режими жарыяланды. Ал 2-августка чейин созулмакчы.
Булак: NazarNews.kg