www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк коомчулук азыркы азык-түлүк кризисине көңүл бурбаса, массалык ачарчылыкка, саясий туруксуздукка жана көзөмөлсүз миграцияга дуушар болот. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бисли билдирди.

"Биз азыр болуп көрбөгөндөй кризистин алдында турабыз жана аны стратегиялык жана натыйжалуу чечпесек, биз массалык ачарчылыкка, ондогон өлкөлөрдүн туруксуздугуна жана массалык миграцияга туш болобуз", - деди Бисли.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү келерки жылы бул жагынан азыркыдан "бир топ жаман" болушу мүмкүн экенин эскертти.

Ал ошондой эле жакынкы 6-12 айда азык-түлүктүн кымбатташынан улам дүйнөлүк коомчулук кыйынчылыктарга туш болорун моюнга алды. Андан кийин маселе чечилбесе, дүйнөнү азык-түлүк тартыштыгы басып кетиши мүмкүн.

Бислинин айтымында, абал башка нерселер менен катар Орусия менен Беларустан дүйнөлүк рынокко жер семирткичтерди жеткирүүгө чектөөлөрдөн улам курчуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости