www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен келген Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвилини кабыл алды.

"Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташуунун биргелешкен долбоорлорун жана программаларын, биринчи кезекте транспорт-логистика, соода, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн келечеги каралды", - деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Ата мекендик жүктөрдү ташууда транзиттик потенциалды, анын ичинде Поти жана Батуми портторунун инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өзбекстан менен Грузиянын аймагындагы эркин өнөр жай зоналарында түзүлгөн жагымдуу шарттарды эске алуу менен текстиль, электротехника, тамак-аш, фармацевтика жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, маданий-гуманитардык алмашууну арттырууга жана туристтик агымды көбөйтүүгө өз ара кызыкдар экендиги белгиленди.

Эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча жол картасын кабыл алуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости