www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Уктап жаткан арстан» же оппозиция качан ойгонот?

Оппозиция ойгонуп бараткандай, арстан жатып алып бир көзүн ачып дабышты тыңшагандай, оппозиция да саал бир көзүн ачып эки жакты селейип тыңшап жаткан учуру. Чыңгызхан деген өткөн бу дүйнөдөн. Ал жарыкчылыктын жарымын басып алып зор империя курган. Анан осуят кылып балдарына айтып кеткен.: «Элди капастагы арстан - дейт. Кокус капастын каалгасы ачылып, ал жерден каарданган арстан чыкса эмне болот? Эч нерсени койбой тыптыйпыл күм-жам кылып кетет. Ошондуктан, элди капастагы арстандай алдап, алаксытып капастын ичинде кармаш керек». Чыңгызхан элден чоочулап чындыгын айткан. Биздин убакта да бул айткандары жарамдуу. Эл «капастагы арстандай» тынч, бирок оппозиция ойгоно баштады...

Бекболот Талгарбеков

2016-жылдан бери элдин таянычына айланган. Ошол жылы Атамбаев коркуп кетип, жалаа жаап он төрт жылга кесип жиберген. Ал менен бир мезгилде мөөнөт алгандар, кайтып келишип, бийликти алышты. Эми кантип алышканын эл билишет, анын барын жазып жүрөбүзбү. Талгарбеков бийликке жутунган жок. Бирок убакыт өтүп бийликтин кээ бир «косяктары» «фуфло» боло баштады. Кээ бир «фуфлижниктер» элди кекиртектегени Талгарбековго жакпай туру. Бир ирет бийликти карап жөтөлүп койду эле, бийлик тарап мөңкүп чалкасынан кетти.

Талгарбековду жиликтеп жейин деди эле, артында эл бар экен. Эл деген жаман. Чыңгызхан бекер жерден «капастагы арстан» деген эмес да. Эгер элге тийишсе «капастан арстан» бошонот да, бийлигиңди кайсап салары бышык. Камчыбек Ташиев: «Кимде-ким «революция кылам» деп митингге чыга турган болсо, күлүн асманга сапырып жиберебиз» - деп жатат. Ташиев Талгарбековдун күлүн асманга сапырып жибере албайт, себеби Талгарбеков Ташиевдин бийликке жетүү карьерасынын башатында туруп, аны колдоп, көтөрмөлөп «музоо кезинде сүзүп койгон».

 Назаркул Жоошбаев

Пилдерди карап үргөн Моська деген кандектер бар. Крылов атабыз жазып кеткен. Назаш көпчүлүгү Моськага окшошуп пилдерди карап үрүп койчу. «Ит үрө берет, пил жүрө берет» -деп пилдер тоготчу эмес. Эми кудай берди, Назаш пилге тете болуп калды. Ал Бекболот Талгарбековду  Маке менен кошуп Кегетиге чейин алып барып келди.

Көптөн бери жакшы сөздөр чыкпай аткан, Назаш экөөнү ээрчитип бул жакка алып барган соң кызык сөздөр чыкты. Бул сөздөрдү айтууга болбойт, шылтоо таппай тургандар шарт эле «мөөнөт» берип жиберишет. Бирок өз алдынча сүйлөөгө боло берет. Илгери Радек Сталин жөнүндө көп анекдот чыгарып, Сталинге чейин жетиптир. Бир жолу Стакең Радекти чакырып алып: «Мен жөнүндө анекдот чыгарат экенсиң. Мен Генсек-эмесминби?»-десе, Радек: «Бул анекдотту мен чыгарган жокмун» дептир. Анын сыңарындай Жоошбаев «жоош» анекдотторунан аттырган жокпу?

Мамбетжунус Абылов

Кээ бир адамдар бар, туталанып турат, башкаларды далысынан таптап алдыга салып жиберет да, өзү тешиктен шыкаалап турат. Кокус иш ийгиликтүү ишке ашса ал «панардай жанып боштондук, бактыбызга туулду» -деп мукамдуу ырдап пайда болот. Кокус иш ишке ашпай калса жүрөгүн «дың-дың» эткизип житип жок болот. Маке андайлардан эмес. Кегетиге барып сөз тыңшаганына караганда «капастан арстанды» кантип бошотуунун айласын издеп жүргөндөй...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости