www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 05:30 чамасында Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда болжол менен 1800 метр квадрат кар көчкүсү түшүп, унаа жол жабылган.
«Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылды. Тартылган техникалардын жардамында саат 09:00дө унаа жол бир тараптуу ачылып, саат 19:30да толук тазаланган.
Ал эми Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, аталган аймактын акими Каракол-Эңилчек унаа жолун 1-апрелге чейин жапкан», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg