www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТурСтат порталы кышкы эс алуу жана 2023-жаңы жылды майрамдоо үчүн КМШдагы популярдуу болгон тоо-лыжа базаларынын рейтингин сунуштады.

Казакстан, Кыргызстан жана Армениядагы тоо-лыжа курорттору кышкы эс алуу үчүн КМШдагы алдыңкы үчтүктү түздү.

ТурСтаттын маалыматына караганда, КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы үчтүккө Шымбулак, Каракол жана Цахкадзор кирди.

Каракол лыжа базасы Ысык-Көлдүн чыгышында, Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан 400 км, Каракол шаарынан 7 км алыстыкта ​​жайгашкан. Каракол курортунда кышында деңиз деңгээлинен 2300 метрден 3040 метрге чейинки бийиктикте 20 чакырымдан ашык трассада лыжа тебүүгө болот.

Рейтинг КМШ өлкөлөрүндөгү лыжа базаларынын популярдуулугун изилдөөнүн жыйынтыгы менен чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости