www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Салык кызматынын маалыматтык системасында 13 миң 880 ишкер катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкерлер тарабынан "ЭТТК" системасы аркылуу 424 миң 367 электрондук документ таризделген. Анын ичинен сатуу документтери – 210 393, эсептен чыгаруу – 109 595, алып өтүү – 82 962, кириштөө – 21 417.

Активдүү кампалардын саны – 17 413.

Эскерте кетсек, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды 2022-жылдын 15-майынан тартып мунай жана мунайзаттарды, товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр колдонушууда.

2023-жылдын 1-январынан тартып товарларды жүгүртүүчү ишкерлер ЭТТКны колдонууга тийиш.

"ЭТТК" системасында катталуу МСКнын сайтындагы "жеке кабинет" аркылуу ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, "ЭТТК" маалыматтык системасы ЭТТКны тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү Салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости