www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир аптада курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун 32 миң 756 учуру катталып, анын 21 миң 71и же 64,3%ы 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен КРВИ – 32 миң 636 учурду, сасык тумоо – 120 учурду түзгөн.

КРВИ, сасык тумоо сыяктуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

— беткап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;

— респиратордук гигиенаны сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;

— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;

— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, тазалоо);

— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости