www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РСК банк башка банк менен биригеби? Расмий жооп

"РСК Банк" ААК каржы мекемеси штаттык режимде иштеп жаткандыгы тууралуу расмий билдирүү таратты.

Социалдык тармактарда РСК банкына байланыштуу көйгөйлөр болуп жаткандыгын жазышууда. Постто бул финансы-кредиттик мекеменин банкоматтарында накталай акча жок экени жана башка банк менен биригүүсү күтүлүп жатканы белгиленген. Ошондой эле башка банктар РСК карталарын кабыл алууну токтотушу мүмкүн экени да айтылууда.

Банк мындай билдирүүлөргө жооп катары анын бардык бөлүмдөрү менен банкоматтары штаттык режимде иштеп жатканын айткан.

"РСК банктын башка банк менен биригиши боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Дүрбөлөңгө түшүп, кооптонууга эч кандай негиз жок. Расмий булактарга гана ишениңиздер", — деп билдирди РСК.

Буга чейин ЖМКлар РСК менен "Керемет банктын" базасында Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (ушул жайда катталган) түзүлөрүн жазып чыгышкан. Өткөн аптада Евгения Судец Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости