www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиевдин тескемеси менен Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мындай чечимди кабыл алууга 2020-жылда облус борборунун коомдук жайларында кылмыштардын жана жоруктардын саны 154 учурга көбөйгөнү түрткү болгон. Эми шаардын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда 5 милициянын мобилдик тобу тартылат. Ал эми 10 каттамда, Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын 32 кызматкери жөө кайгул иштерин жүргүзөт.

Милициянын мобилдик тобунун беш экипажы шаардын бөлүштүрүлгөн аймактарында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун көзөмөлдөшөт. Мындан тышкары, тейлеген аймакта, үй-бүлөлүк зомбулукту кылган адамдар тарабынан коргоо ордеринин талаптарын кандай аткарып жаткандыгын да текшерип турмакчы.


Нөөмөт бөлүкчөлөрүнө кылмыштар, жоруктар жана башка укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөр келип түшкөндөн кийин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин ыкчам нөөмөтчүсү токтоосуз маалыматты окуя болгон жерде кайгуул иштерин жүргүзүп жаткан милициянын мобилдик тобунун экипажына кабарлайт. Өз кезегинде, милициянын мобилдик тобу чакыруу болгон жерге 3-5 мүнөттүн ичинде келишип, кылмышкерлерди окуя болгон жерде ыкчам кармоо үчүн тиешелүү чараларды көрүшөт. Мындан тышкары, эгер окуя болгон жерге келгенде кандайдыр бир кылмыштын изи калса, анда алар аймактык ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобун чакырышат жана аталган топ келгенге чейин кылмыш болгон жерди кайтарууга алышат.

Мобилдик топтордун бөлүштүрүүсүндө көрсөтмө берген Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Жумагазиев, мыйзамдардын талаптарын так аткарууну, жарандарга сылык-сыпаа мамиле көрсөтүүнү талап кылуу менен, Каракол шаарынын коомдук жайларында коомдук тартипти сактоодо, көчөлөрдө укук бузуулардын алдын алууда жана ага бөгөт коюуда тийиштүү иштерди турмушка ашырууну буйрук кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости