www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо жогорку ылдамдыкта бара жаткан унаа электр мамысын сүзүп, талкаланды. Унааны 27 жаштагы кыз башкарып жүргөнү маалым болду, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Окуя бүгүн, 7-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда болду. Ал 1991-жылы төрөлгөн айдоочунун башкаруусунда Абдрахманов көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан. Абдрахманов жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинен жергиликтүү тургун башкарууну жоготуп, унаа электр мамысын сүзгөн.

Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен «Телекомго» караштуу электр мамы жана унаа жараксыз абалга келди. Ал эми айдоочу келин менен анын жанындагы күйөөсүнө медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда бул факты боюнча тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости