www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Караколдогу соода базасы 2,52 гектар аянты менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал объект мэриянын балансына өтөт.
"2000-жылы Ак-Суу районунун акиминин чечими менен Гебзе көчөсү, 200 дарегинен бир гектар жер аталган базага берилген. 2001-жылы акимчиликтин токтому менен жер тилкенин аянты "мурдагы чечимдеги техникалык ката" деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлерди кайтаруу аракеттерин улантып жатканын кошумчалады.