www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындагы жер титирөөдөн канча имарат жабыркаган?

Нарын облусунда 12-майда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо боюнча тартылган Жарандык коргонуу комиссиясынын 13-майга карата корутундусу чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, Ак-Талаа району боюнча жалпы 99 үй, 3 мектеп, 1 маданият үйү, 1 дүкөндүн дубалдарында жарака кеткени аныкталган. Иликтөө иштери бүгүн, 14-май күнү да улантылат.

Нарын облусунун аймагында 12-майда күчү 4 баллга жана экинчи ирет 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Буга байланыштуу жер-жерлерде жабыркагандар жана кыйроолорду тактоо максатында райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Последние новости