www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы Тарых-аймак таануу музейинин жана А.С. Пушкин атындагы жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземдерине катышты.

Алгач МинКаб Төрагасы реконструкциядан өткөн Каракол шаарынын Тарых-аймак таануу музейинин ачылышына катышты.

Музейди жаңылоого республикалык бюджеттен 159 млн сом каралып, имараттын архитектуралык келбети жакшыртылып, инженердик тармактары модернизацияланды жана оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Музейде археологиялык табылгалар, этнографиялык жана тиричилик буюмдары, курал-жарактар, эмгек шаймандары, музыкалык аспаптар, улуттук зер буюмдар, ат жабдыктары, сүрөттөр жана башка тарыхый материалдарды камтыган 14 миңге жакын экспонат сакталат.

Тарыхый имарат XIX кылымдын аягындагы архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактап калган.

Музей аймактын тарыхый-маданий мурасын сактоо, изилдөө жана жайылтууда маанилүү роль ойнойт.

Ошондой эле Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы жаңыланган эс алуу жайы пайдаланууга берилди.

Аны жаңылоого 450 млн сом жумшалган. Сейил бак заманбап жашыл аймактар, балдар аянтчалары жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу инфраструктура менен жабдылды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев өлкөдө аймактарды өнүктүрүү, шаарларды көрктөндүрүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, 2026-жылдын январь–июль айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 11,1 пайызга өсүп, 1 трлн 172,7 млрд сомго жетти. Негизги капиталга инвестициялар 59 пайызга өсүп, 238 млрд сомду түзгөн. Курулуш тармагындагы өсүш 60,6 пайызга жеткен.

Мындан тышкары, акыркы жылдары Каракол шаарындагы ички жолдордун 50 пайыздан ашыгы реконструкцияланган. Шаарда «Хан-Теңири» кичи району курулуп, таза суу жана канализация системаларын жаңылоо иштери жүрүүдө.

Ошондой эле «Каракол» эл аралык аэропортун өнүктүрүү боюнча иштер аткарылууда.
«Караколдун инфраструктурасын бүгүнкү күнгө гана эмес, келечекке эсептеп өнүктүрүшүбүз керек.

Караколубуздун эртеңи бүгүнкүсүнөн да көрктүү болуп, Ысык-Көлүбүздүн даңкы арта берсин», – деди Адылбек Касымалиев.

Последние новости