www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда курулуп жаткан заманбап спорт шаарчасынын курулушу менен таанышты.
Аянты 12 гектарды түзгөн спорттук комплексти куруу долбоору Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, эл аралык стандарттарга жооп берген 5 миң орундуу көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана куруу пландалган.
Учурда объектте пайдубалдарды куруу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүрүп жатат.
Мейманкананын пайдубал балкаларын жана ресторандын мамыларын арматуралоо иштери уланууда.
Ошондой эле бассейн курула турган аймакта жер казуу иштери башталды.
Министр курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, курулуш ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Долбоордун ишке ашырылышы спортчуларды даярдоо, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди уюштуруу үчүн заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет.
Курулуш иштери «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.