www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таштагы окуя боюнча суракта жүргөн депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаев коюлган айыптарды четке кагып келүүдө. Анын айтымында, экс-президенттин укуктары бузулган, ал боюнча кайрылуу даярдап жатышыптыр.

Ошондой эле ал Атамбаев өзүн таштабай, жакшы алып жүргөнүн маалымат булактарга айтыптыр.

Буга чейин да Атамбаевдин адвокаты С.Слесарев анын абалы жакшы, жаткан жери канааттандыраарлык экенин айтып чыккан.

Эскерте кетсек, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ишке ашпай калган. Кагылышуу болуп, бир топ адам жарадар болуп, бир офицер каза болгон.

Эртеси, 8-августта, кайрадан кармоо операциясы жүргөн, жыйынтыгында, экс-президент ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүп, колго түшүп берген. 9-августта анын баш коргоо чарасы каралып, августтун аягына чейин камакта калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости