www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Караван» соода борбору Нариман Түлеевге кайтарылды

«Караван» соода борбору мурдагы кожоюну, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге кайтарылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди сот чыгарган.

«Мен чоо-жайын билбейм. Соттун чечими менен соода борбору Нариман Түлеевдин карамагына өткөнү тууралуу аткаруу баракчасын алдык. Биз бул чечимди аткардык» - деди Мирлан Бакиров.

Эске салсак, 2021-жылы шаардын экс-мэри Нариман Түлеевге карата үч инстанциянын тең – Ленин райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку соттун айыптоо өкүмдөрү жокко чыгарылган. Буга чейин «Караван» соода борбору Жогорку Кеңештин экс-депутаты, борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеевден соттун чечими менен конфискацияланган. Ал 2017-жылы мамлекеттин менчигине кабыл алынган. Мамлекеттик мүлк фонду соода борбору ээлери алмашканына карабай мурдагыдай иштей турганын убада кылган, бирок ижарачылар бийликке дооматтар менен бир нече жолу митингге чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости