www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги күркөдө жашаган балдар социалдык убактылуу жайга жеткирилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Беларусь көчөсү менен Соң-Көл көчөсүнүн кесилишинде 1969-жылы туулган Аким Кызайбаев жубайы жана 4 жашы жете элек баласы менен күркөдө жашаган. Ал жерде балдарды тарбиялоо менен катар эле багууга эч кандай шарт болгон эмес.

ӨКМдин адаттан тыш суук болот деген эскертүүсүнөн кийин жашы жете элек балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында 2023-жылдын 11-январында Октябрь РИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте саат 18:00дө балдарды алып кетүү үчүн келишкен. Бирок, үй-бүлөнүн атасы каршылык көрсөтүп, РИИБге жеткирилген», - деп белгилешти муниципалитеттен.

Алар апасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында балдар энеси менен бирге "Балдар айылдары - SOS" кайрымдуулук уюмунун негизинде балалуу аялдардын убактылуу жашоочу кризистик борборуна убактылуу жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости