www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үйүнө барып, ал жактагы тарбиялануучулардан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп-интернаты 100 окуучуга ылайыкталган, учурда анда 88 бала бар. Алардын ичинен 56сы эркек бала жана 32си кыз. мекемеде 25 томолой жетим бала, ата-энесинин бирөө бар 6 бала жана ата-энесинин камкордугусуз калган 57 бала жашайт.
Мониторингдин алкагында «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду менен биргеликте балдар медициналык кароодон өткөрүлгөн. Адистер жалпысынан 71 баланы текшерген.
Кароонун жыйынтыгында дээрлик бардык текшерилген балдардан стоматологиялык көйгөйлөр, анын ичинде кариес аныкталган. Көпчүлүгүндө физикалык өнүгүүнүн бузулушу, атап айтканда салмак жана бой көрсөткүчтөрүнүн жетишсиздиги катталган. Ошондой эле тарбиялануучулардан экзема, калкан безинин жабыркашы жана башка илдеттер аныкталган. Кыздардын көпчүлүгүнүн чачынан бит табылган.
Мындан сырткары бардык тарбиялануучулар офтальмологиялык текшерүүгө муктаж.
Интернатта медпункт иштейт, бирок штаттык дарыгер жок. Медициналык жардамды 2 фельдшер көрсөтөт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө балдардын социалдык жана мүлктүк укуктарын ишке ашырууда көйгөйлөр аныкталды. 6 жетим бала тиешелүү социалдык жөлөк пулдарын албаганы белгилүү болгон. Учурда аларды тариздөө үчүн документтер чогултулууда.
Ошондой эле, соттун чечимдеринин бар экенине карабастан, балдардын пайдасына иш жүзүндө алимент өндүрүлбөй келет. Үй-бүлө кодексинин 89-беренесине ылайык, ата-энесинин камкордугусуз калган жана балдар мекемелеринде турган балдарга төлөнүүчү алименттер алардын жеке эсептерине которулушу керек.
Акыйкатчы интернаттын аймагынын коопсуздугуна көңүл бурду. Мекеменин аянты болжол менен 30 гектарды түзөт, бирок аймак тосулган эмес. Акыркы бир жыл ичинде тарбиялануучулардын өз алдынча кетип калуусу боюнча 6 аракет катталган.
Жаманбаева жергиликтүү бийлик органдарына аймакты тосуу боюнча чараларды көрүү талабы менен кайрылуу ниетин билдирди.
Ошондой эле мониторинг жүргүзүү учурунда мекеменин аймагында стихиялуу таштанды төгүүчү жай табылды. Интернаттын жетекчилигине жана тиешелүү кызматтарга аны тазалоо сунушталды.
Эки жатаканада тең матрацтар, жаздыктар жана шейшептер алмаштырууну жана тазалоону талап кылат.
Омбудсмен мамлекеттик органдарды аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө, тарбиялануучуларды медициналык коштоону күчөтүүгө жана алардын социалдык жана мүлктүк укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылууга чакырды.