www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, министрликке Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө, өлкөдө жүрүүсүнө жана эмгек ишин жүргүзүүсүнө байланышкан документтерди тариздөө жана берүү боюнча функциялары өткөрүлөт.
Анын ичинде Бирдиктүү уруксатты жана Кыргызстандын резидент-картасын тариздөө жана берүү, ошондой эле тиешелүү маалыматтык системаларды жүргүзүү каралган.
Мындан тышкары, министрликке Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жашап турууга уруксат берүү, жарандык маселелерин кароо, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жашаган жана жүргөн жери боюнча каттоо жана эсепке алуу боюнча функциялары өткөрүлөт.
Бул иштерди жүргүзүү үчүн министрликтин түзүмүндө Миграция маселелери боюнча департамент түзүлөт.
Кабинет Министрлерине өткөрүлүп жаткан функциялар боюнча уюштуруу-укуктук тартипти аныктоо, тиешелүү штаттык санды, материалдык-техникалык базаны жана башка ресурстарды өткөрүп берүү тапшырылды.
Ошондой эле өтүү мезгилинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу каралган.