www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-сентябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусунун негизинде Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында «Алтын Строй Групп» курулуш компаниясына аймакты мурдагы абалына келтирип, бузулган тротуарды оңдоо иштерин бир жуманын ичинде толук бүтүрүү тапшырылды.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралды. Анын жыйынтыгында Ош шаардык Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспектору кызматынан бошотулуп, башкармалыктын жетекчисине катуу сөгүш берилди.

Министрликтин маалыматына караганда, аталган объект боюнча буга чейин да тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 7-апрелиндеги текшерүүдө архитектуралык-уруксат берүүчү документтер жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Компанияга 200 миң сом айып салынып, курулуш иштери токтотулган.

22-июндагы кайра текшерүүдө объектке чектеш тротуардын бузулгандыгы аныкталып, компанияга дагы 200 миң сом айып пул салынган.

7-июлда Курулуш министрлигинин атайын комиссиясынын чечими менен «Алтын Строй Групп» ЖЧКсынын лицензиясы токтотулуп, компания кара тизмеге киргизилген.

Мындан тышкары, тиешелүү материалдар Ички иштер министрлигине, Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Последние новости