www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында сурак берип чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тай-Мурас Ташиев тергөөчүнүн чакыруусу менен Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматына барган.
Басылманын булактары билдиргендей, ал буга чейин козголгон алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка алынган.
Сурактан кийин Тай-Мурас Ташиев борбор калаанын милициясынын аймагынан чыгып кеткен.