www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирбек Мамбеталиев TİKAнын төрагасы менен жолукту

Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) төрагасы Абдуллах Эрен менен жолугушту.

Жолугушуу 28-сентябрда өтүп, анда кыргыз-түрк маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар TİKAнын колдоосу менен Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда Махмуд Кашгаринин «Дивану Лугат ат-Түрк» эмгегине арналган туруктуу экспозиция түзүлүп жатканын белгилешти.
Ошондой эле тарыхый-маданий объекттерди жана музейлерди модернизациялоо, маданий мурастарды сактоо жана реставрация иштерин жүргүзүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мирбек Мамбеталиев TİKAнын Кыргызстандагы маданият мекемелерине көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Абдуллах Эрен Кыргызстан TİKAнын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган маданий жана агартуучулук долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.

Последние новости