www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу диктор Тамара Жаманбаева көз жумду

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн туңгуч дикторлорунун бири, легендага айланган Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тамара Жаманбаева 83 жаш курагында дүйнө салды.

Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. 1959-жылы медициналык окуу жайды, 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин журналистика багыты боюнча аяктаган. Ал 16 жашында Кыргыз телевидениесине дикторлук кызматка кабыл алынган.

Кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиокомитетинин вице-президенти, “Замана”, “Ибарат” студияларынын башкы редактору, Ош облустук телерадиокомитетинин төрайымы сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, телерадионун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон. Кыргыз телесининде тажрыйбалуу адис катары көптөгөн дикторлорду, радиотележурналисттерди даярдап, 1995-жылы “Замана” таңкы телеберүүлөрүн уюштурган. Тамара Жаманбаева эл алдына ак кызматы менен таанылып, дикторлукта өзүнүн мектебин түзө алды. Анын эмгеги жогору бааланып СССРдин жана Кыргызстандын телерадиосунун мыкты кызматкери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, КР "Даңк" медалы менен сыйланып, КР Эл артисти наамына татыган.

Маркумдун жакындарына NazarNews маалымат агенттигинин жамааты көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. 

Последние новости