www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинин бактысына элин сүйгөн, эл үчүн күйүп бышкан, жеке кызыкчылыгын четке койуп, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон азаматтар келер бекен деген үмүт менен жашайбыз. Мындай пикирин жарандык активист Карим Төрөбеков "Фейсбук" баракчасы аркылуу билдирди.

"Акыркы учурларда, президент Садыр Жапаровдун кол астында ишенип тапшырган, жогорку кызматтын адамдары, тагыраак айтканда Эдил Байсалов.

Тилекке каршы Эдил мырза ага ишенип жүктөлгөн, жооптуу кызматты татыктуу аркалоонун ордуна, блогер, журналист менен кайым айтышуусу, анын ээлеген кызматына туура келбестигин коомчулук терс кабыл алууда.

Президенттин кол астындагы жооптуу кызматкерлер, өзүнүн функцияналдуу милдеттрин так аткаргандын ордуна өлкө башчыга жагынуу менен алек болуп калышты. Башкача айтканда өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, жада калса "фейк акаунттар" менен  өздөрүн мактатып, элдин кызыкчылыгын такыр эле унутуп калгандай.

Ал эми президент болсо, силерге ишенип тапшырган кызматты өзү кийлигишип, чечип келе жатат. Мамлекет эмне үчүн силерге айлык - маяна төлөп жатат, силердин бир дагы ишиңерден майнап чыккан жок! Калдайган калың журт күбө.

Элди жана президентти кыйнабай, колдон келбегенден кийин, өз арызыңарды жазып, кеткениңер макул деп эсептейм.

Кыргызда калк айтса - калп айтпайт. Эл силерге эбак эле баасын берген.

Тилекке каршы кайсыл президент келбесин, этеги жаман жерден жыртылган саясатчылар бийлик бутактарын, ар кандай ыкмалар менен ээлеп келгени өкүндүрөт. Кыргыз элинин бактысына элин сүйгөн, эл үчүн күйүп бышкан, жеке кызыкчылыгын четке койуп, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон азаматтар келер бекен деген үмүт менен жашайбыз.

Урматтуу Президент, айланаңызды бир сыйра тазалап алчу убакыт келди окшойт, себеби эл сизден гана үмүт артып, ишенип турат", - деп жазган Төрөбеков.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости