www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары, бир топ оор кылмыш иштерге тиешеси бар деп шектелген Болот Сүйүмбаев учурда Москва шаарында башкалкалап жүргөнүнөн кабар алдык. Элиталык квартирада байбачадай жашап жатыптыр. Күн алыс экс-премьер-министр Сапар Исаков менен сүйлөшүп, келечек пландарын түзүп... Айтор, эрикпейт.

Эске салсак, Болот Сүйүмбаев кызматта турганда Садыр Жапаровду «Манас» аэропортунан кармоо операциясын уюштуруп, адилетсиз кадамга барган.

УКМКнын астынан ИИМ башчысынын орун басары Данияр Абдыкаров менен биргеликте Садыр Жапаровдун тарапташтарына провокация уюштуруп, балдарын аябай сабатып, дээрлик үй-бүлө мүчөлөрүн мыйзамсыз таризде каматып салган. Дал ушундай ырайымсыз кадамдардын башында турганын кантип жашырабыз?

Мындан сырткары, Болот Сүйүмбаев контрабанда, мыйзамсыз акча жүгүртүү, алтын ташуу иштерине аралашып, көмүскөдөн чемодандап миллиондогон доллар байларды кимге киргизип жүрдү эле? Октябрь төңкөрүшүнөн кийин бийлик алмашып, кылмыш иштери козголуп, былыгы чыга баштаганда өлкөдөн качып кеткен.

Учурда «Сары Болотту» оңой эле кармап келгенге мүмкүнчүлүктөр бар. Аны Сапар Исаковдой орустардын атайын кызматы коргоого алган эмес. Кыраакы изкубарлар деле даяр окшойт. Тек гана жогору жактын буйругу керек. Эгерде Болот Сүйүмбаев колго түшүп, камакка алынса, көп сырлардын бети ачылат эле...

Булак: Азия News гезити

Последние новости