www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын азыркы президенти жана президенттикке талапкер Эммануэль Макрон атаандашы Марин Ле Пен тарабынан колдоого алынган коомдук жайларда хиджаб кийүүгө тыюу салуу өлкөдө чыр-чатакка алып келээрин айтты. Бул тууралуу Лента.ру жазды.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы алдында Макрон менен болгон теледебат учурунда Лен Пен ислам менен эмес, «Шариат деген диний мыйзамды таңуулоону көздөгөн исламчыл идеология менен күрөшүп жатканын» айтты. Ал коомдук жайларда хиджабды – «исламчылар таңуулаган форманы» кийүүгө тыюу салуу сунушун колдой турганын баса белгиледи.
Өз кезегинде Макрон диний символдор, терроризм жана исламизм сыяктуу түшүнүктөрдү Ле Пен аралаштырып жатканын айтты. Ал Ле Пендин хиджабга тыюу салуу идеясы Францияда ич-ара согушка алып келээрин белгиледи. «Мындай кылсаң, жарандык согушту чыгарасың... Сиз Францияны коомдук жайларда диний символго тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болууну сунуштап жатасыз. Бул абдан олуттуу», - деп баса белгиледи өлкө лидери.
Дебат маалында Ле Пен Орусиядан мунай жана газ ташууга киргизилген эмбаргого каршы чыкты. Өз кезегинде Макрон атаандаш идеясын чоң жаңылыштык деп атап, «Европа рыногун реформалоо бир айда болбойт» , - деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg