www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кармоого катышкан милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-апрелде милицияга А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э уулу Э. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Аныкталгандай, 2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө белгисиз жаран арыздануучунун ишеничине кирип, баасы 65 000 сомду түзгөн «MacBook Air M2» үлгүсүндөгү ноутбугун ээлеп алган. Акча каражатын үч сааттын ичинде кайтарып берем деген шылтоо менен шектүү белгисиз тарапка из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Э уулу Э. аттуу жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ага айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары электрондук байкоо жүргүзүү тандалып алынган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э уулу Э. аттуу жаран милиция кызматкерлерине карата арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча кызматтык текшерүү башталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык катышуучулардын аракеттерине укуктук баа берилет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы кошумча билдирилет.