www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министрлигинин эки аскер кызматкери баңги затын мыйзамсыз саткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Аталган эки офицер Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө кызмат өтөөрү такталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, алардан 4 килограмм 700 грамм мефедрон алынган.

«Кармоону милиция кызматкерлери жүргүзгөн. Маалым болгондой, Биринчи Май райондук соту экөөнү тең Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жайгаштырган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматтарга караганда, аскер кызматкерлери колго түшүрүүдө каршылык көрсөтүшүп, милиция кызматкерлерине ок чыгарышкан», - деп айтылат маалыматта.

 

 

Последние новости