www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институтунун президенти Карло Доглони жер титирөөдөн улам Түркия болжол менен 5-6 метр жылып кеткенин Corriere della Sera гезитине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Араб плитасы Анадолу плитасына карата түштүк-батыш тарапка жылып кеткен.

«Бул сейсмологдор 15-20 километр тереңдикте гипоцентри (жер титирөө) менен «тайыз өтүүчү жарака» деп атаган жарылуунун бир түрүн пайда кылды. Сирияга салыштырмалуу Түркия 5-6 метрге жылып кетти», - деп орусиялык ММКлар италиялык эксперттин изилдөөсүн которушту.

Басылмада белгиленгендей, так маалыматтар ESA Sentinel жана ASI CosmoSkymed спутниктери тарабынан жүргүзүлгөн байкоолордон кийин жакынкы күндөрү жеткиликтүү болот.

Эскерте кетсек, 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүгүндө күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Өзгөчө кырдаалдан Сириянын чек ара аймактары да жабыркады. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун жалпы саны 5 миңден ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости