www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырыс Жекшеналиевди түрмөдөн сындыра албай, жашоодон сындыруу планы иштеп жатабы?

Баарыбызга белгилүү болгондой Ырыскелди Жекшеналиев 3 ай абакта негизсиз ак жеринен отуруп, үй камагына чыкты. Бүгүнкү күндө анын иши боюнча соттук отурумдары болуп жатат.

2022-жылдын 10-октябрында анын башкоргоо чарасын сотто каралып, 24-декабрга чейин камакта калтыруу чечими чыгат. Ал соттун чечимине нааразы болуп, бирок түрмө менен аны сындыра албаарын баса билгилеп өткөн. Ошол күндүн эртеси, т.а 11-октябрда окуп жаткан азыркы Улуттук кыргыз университетинен, мурдагы Юракадемиядан «байланыш үзүлгөндүгү тууралуу» деген негиз менен окуудан чыгартылат. Бул нонсенс! Биринчиден бүткүл Кыргызстан уккан нерсени кантип окуу жайы укпай калат? Же бул даталардын дал келүүсүбү?

Сөзсүз түрдө окууга тапшырганда бир келип, диплом аларда бир келген студенттерди "пофамильно" атап, Улуттук университеттеги коррупцияны, башкаруудагы хаосту, кадрдык-туугандашкан саясаты менен жаңы салбай эле жамачы салып жаткан жерлерди санап бериш керекпи?

Ырыскелди Жекшеналиев үлгүлүү студент катары сыпатталат. Анын окуудан (пересдача, минисессия), же болбосо контрактты төлөөдөн карызы жок. Тескерисинче ийне менен кудук казгандай билимге умтулган жигит. Ага далил «энергетика» багытын окуп бүтүргөндүгү жана корей тилин мыкты өздөштүргөндүгү болуп саналат. Аны окууга коюп, кышкы сессиясын жайкы семестр бүткөнгө чейин тапшырууга (жабууга) уруксат бериш керек.

Окубайм деген бала Ырыска окшоп Юракадемиянын мыйзамсыз чыгарган чечиминин үстүнөн сотко арыз жазып, мени ордума койгула, окуюн деп жүгүрбөйт. Ушуну менен окуу боюнча 3-соттук процесси болуп, бирок Улуттук университеттин өкүлдөрү сотко даярдыгы жоктугу, шалаакылыгы үчүн жылдырылууда. Адал оюңда айтайынбы деген да пикир жаралбай койбосо керек...

Мыйзамдардын иерархиясы боюнча Конституция эң жогорку тепкичте турат жана ага каршы аргумент катары эч нерсе келтирилбейт. Ошол баш мыйзамдын 46-беренесинин 1-пункттунда «Ар бир жаран билим алууга укуктуу» деп турса, 2-бөлүгүндө «Мамлекет шарт түзүп берүүгө милдеттүү(!)» дейт. Ал эми 102 беренеде «Судьянын чечими Конституцияга каршы келбеши керек» деп так, даана көрсөтүлгөн. 

Демек, окуу жайдын уставы анын территориясында гана таасири бар, ал эми Конституция бүткүл мамлекеттики деген түшүнүккө кептелебиз. Андыктан, сот окуу жайдын чыгарган чечимин жана эки киши отуруп өздөрүнчө жазып алган уставын колдобой, Ырыскелди Жекшеналиевдин окуйм деген умтуулусуна кол толгобой, шагын сындырбай, Конституцияда бекитилген укугун кайтарып бериши шарт.

Муну менен мамлекетке да пайда алып келет. Себеби дегенде, Ырыстын баскан турганынан, төлөгөн контракттысынан казынага далай каражат түшөт жана мыкты дасыккан кызматкерди таптап чыгат.

А эгерде, жоок, биз Өкмөт башчыбыз Садыр Нуркожоевич Жапаровдун, министрлер кабинетинин төр агасы Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун саясатын колдобойбуз дешсе, то мейли, Ырысты окуудан чыгара беришсин...

 

​​​​​​Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости