www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карызыңды кайтарып анан акыл айтсаң боло!

Карызыңды кайтарып анан акыл айтсаң боло!

Журналист: NAZARNEWS
01.05.2017, 6:24
8290
|

Негизи саясатчылардын айткандары менен кылгандары көпчүлүк учурда бири-бирине такыр коошпойт. Акылдуусунуп кооз сүйлөшкөнү менен жасаган иштери көңүл иренжитет. Мына Эмилбек Каптагаев ар качандан, бир качан коомчулукка өзүнүн акылдуу ойлорун дамамат билдирип турат. Уккан-көргөндөр эл деген мекенчил, кыйын экен деп ойлошу мүмкүн. Мына ушул Каптагаевди Токтайым Үмөталиева: "Каптагаев 15 миң сом карыз болчу. Карызымды бермек түгүл, рахмат айткан жок" - деп каңырык түтөттү. Атту-баштуу киши мынтип жек көрүндү болбой, алганын берип коюп анан элге акыл айтса жарашат беле дейсиң... Демек 2010-жылга чейин Токтайымдан карыз сурап жүргөн Каптагаев президент Алмазбек Атамбаев айтмакчы, кыска убакта кантип байып кетти деген суроо жаралат. Укук коргоо органдары табышмактын жандырмагын чечип, коомчулуктун таң калуусуна жооп таап бериши керек...

Булак: "Фабула"



Поделитесь с друзьями