www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министрлиги быйыл эмне үчүн республикалык бюджеттин тартыштыгы көбөйгөнүн түшүндүрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилип, чыгымдар – 291,2 млрд сом, ал эми тартыштык 9,1 млрд сомду түзөт.

Учурда 2022-жылга республикалык бюджетке тактоолор даярдалды.

Бул тактоолорго ылайык, республикалык бюджеттин кирешелери 272,0 млрд сом деңгээлинде же 10,1 млрд сомго кыскаруу менен болжолдонууда.

Салыктык түшүүлөрдүн азайышынын негизги себеби - Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышуу жана Россияга каршы кошумча санкциялардын киргизилиши. Бул ЕАЭБдин кирешелеринин азайышына алып келди, ал өз кезегинде РФ жана Беларустан азыраак өлчөмдө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө таасирин тийгизди.

Республикалык бюджеттин чыгашалары 307,4 млрд сом деңгээлинде же 16,1 млрд сомго көбөйүү менен болжолдонууда.

Бюджеттин чыгашалары 2,9 млрд сомго көбөйгөн.

Атайын эсептердеги каражаттар боюнча чыгашалар 11,8 млрд сомго көбөйгөн. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын чыгымдары.

Мамлекеттик инвестициялык чыгашалар 1,4 млрд сомго өстү. Бул мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорго болгон чыгашалар.

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 26,2 млрд сомго өсүп, 35,4 млрд сомду түзөт.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, республикалык бюджеттин тартыштыгынын түзүмүн төмөнкүдөй бөлүүгө болот:

Диаграммадан көрүнүп тургандай, республикалык бюджеттин тартыштыгынын түзүмү бюджеттик каражаттардын тартыштыгынан, атайын эсептердеги каражаттардын тартыштыгынан жана мамлекеттик инвестициялардын тартыштыгынан турат.

Мамлекеттик инвестициялардын тартыштыгы 14,2 млрд сомду түзөт, ал мамлекеттик инвестициялардан түшкөн каражаттардын эсебинен жабылат, б.а. тышкы булактар ​​аркылуу.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын атайын эсептеги каражаттар боюнча кирешелери 19,5 миллиард сомду, чыгашалары 26,2 млрд сомду түзөт. Анын негизинде тартыштык 6,7 млрд сомду түзөт. Бул тартыштык жыл башындагы атайын эсептердеги каражаттардын калдыгы менен жабылат.

Бюджеттик каражаттардын тартыштыгы бюджеттик каражаттардын кирешелеринин азайышынан жана чыгашалардын көбөйүшүнөн улам түзүлгөн. Бул тартыштык 14,5 млрд сомду түзөт, ал ички булактар (мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жыл башындагы бюджеттик каражаттардын калдыктары) эсебинен жабылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости