www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын Борбор Азиядагы Аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушту

Бүгүн, 2018-жылдын 27-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын Борбор Азиядагы Аймактык өкүлү Ашита Миттал, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эл аралык координатору, ошол эле учурда БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын Программалык кеңсесинини башчысынын милдетин аткаруучу Кун Маркверинг жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын эл аралык координатору Юсуф Курбанов менен жолугушту.

Андан сырткары, аталган жолугушууга ички иштер министрлигинен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Мирлан Карачалов менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Бакыт Матмусаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча  башкармалыгынын кызматташуусунун деңгээлин жогору баалашты.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгына баңгитрафикке каршы аракеттенүүгө колдоо көрсөтүп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирип, мындар ары  тыгыз кызматташусуна ишенимин билдирди.

БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын Борбор Азиядагы Аймактык өкүлү Ашит Миттал БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын Борбор Азиядагы Аймактык өкүлчүлүгүнүн  ишмердүүлүгү, анын келечектеги пландары  жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуу учурунда тараптар кыска жана узак мөнөттүү бирдиктүү долбоорлорду талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости