www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемеде болгон тагдыр тамашасы

Баш-аягы көрүнбөгөн чексиз океан мейкиндигинде айрым мезгилдерде ичинде бир дагы кишиси жок кемелердин ары-бери сүзүп жүргөнүн кездештирүүгө болот. Кээ бир кемелерди океан толкуну же шамалдын айдоосу менен жээкке алып барып чыгарып таштаган. Атүгүл ээси жок чөгүп кеткен кемелерди да көрүүгө болот. Баарынан тан калычтуусу, кемедеги адамдар дайынсыз каякка жоголуп кетишкен? Ээси жок кемелерден тирүү калган бир дагы адамды табышкан эмес. Кээ бир кемелерден бүтүндөй экипажы менен өлүп калган адамдарды көрүшкөн. Ушунда бир суроо туулат, аларды кимдер өлтүргөн. Дагы бир таң калычтуусу, кемедеги бир дагы баалуу буюмдарга тийген эмес. Эгерде деңиз каракчылары кол сала турган болсо эч нерсесин калтырбай тоноп кетишмек да. Анда буларга кимдер кол салган, адамдары каякка жоголуп кеткен? Эмесе, сөз башынан болсун.

Өзүнө мүшкүл тарткан кеме

"Учуп жүрүүчү голландык" - бул кеме өз мезгилинде уламышка айланган, элдин бардыгынын жүрөгүн түшүргөн кеме болгон. Анткени ээси жок кеме күтүүсүз пайда болуп, кайра жок болуп кетчү. Кимдер океанда ага кездешсе сөзсүз кырсыкка учурачу.

Ал эми бул окуя болсо 1641-жылы болгон. Кеменин капитаны Филипп Ван дер Деккен Ост-Индиядан кайтып келаткан. Кеменин ичинде болсо жүргүнчүлөрү бар болчу. Ошолордун арасында бир сулуу келин күйөөсү менен келаткан. Келинди ушунчалык жактырып, сүйүп калган капитан анын күйөөсүн өлтүрүп, келинди өзүнө турмушка чыгууга сунуш жасайт. Келин анын сунушуна макул болбой океанга боюн таштайт.

Ошондон көп өтпөй эле океанда катуу шамал, жаан, шторм башталат. Кеме чөгүп кетиши да мүмкүн болчу. Мунун баары капитандын жасаган жагымсыз иштеринин кесепетинен болуп жатат деп жоромолдошот кемедегилердин бардыгы. Анан көтөрүлүш жасашат. Кеменин штурманы "шторм токтогуча бир тумшукка аярлай туралы" деп сунуш жасайт. Ага ачуусу келген Ван дер Деккен дароо атып салат да, аны менен кошо өзүнө нааразы болуп жаткан беш-алты кишини да атып салат. "Дагы кимде-ким мага нааразы болсо булардын артынан жөнөтөм" дейт. Ошентип катуу штормдо кеме эч жакка барбай океан үстүндө жүрө берет. Ошентип карөзгөй капитанынын кесепетинен өздөрүнө мүшкүл тартып алышты. Кеменин кийинки тагдыры ошол боюнча дайынсыз, белгисиз калды.

Булак: "Сырдуу дүйнө"

Последние новости