www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн аппараттык кеңешмеде мамлекеттик кызмат органдарынын жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштерине аралашпоо дагы бир жолу эскертилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, эскертүүгө көнбөй, үгүт ишине аралашкан айрым аймактардагы кызматкерлерди жумуштан алуу учурлары да болду.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, ар бир жаран өзү татыктуу деп эсептеген талапкерди — эч кимдин басымы, кийлигишүүсү же сатып алуусу жок — эркин тандоого тийиш.

“Биз эч бир талапкерди колдобойбуз жана сүрөбөйбүз. Эл өзү татыктуу деп шайлап берген депутат менен иштейбиз. Урматтуу мекендештер, сиздерди алдыдагы шайлоого активдүү катышып, тандоо кылууда жаңылбай, жоопкерчиликтүү болууга чакырам”, — деди ал.

Последние новости