www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Борбор Азия мамлекеттерине жасаган бир жумалык иш сапары соңуна чыкты. Дүйнөдөгү эң бай өлкөнүн башчысынын сапарынан Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан өлкөлөрү өздөрү үчүн жемиштүү болгон кандай келишимдерге жетише алды?
Кайсы өлкө артыкчылыктуу багыттарын аныктап, мүмкүнчүлүктү туура пайдалана алышты деген маселеге көңүл бурсак, Өзбекстан менен Казакстан гана экономикалык, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге жетише алган. Кыргызстан жана Тажикстан Катар мамлекети менен кызматташуу чөйрөсүн жакшыртуу багытындагы эле жалпы макулдашуу, меморандумга кол коюшуу менен чектелишкен. Конкреттүү экономикалык долбоор тууралуу сөз болгон эмес.
Алгач иш сапарын Өзбекстандан баштаган Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин келиши коңшуларга жемиштүү болду. Өзбекстан менен Катар мамлекети кызматташуу боюнча 15 документке кол коюшкан. Анын ичинде энергетика, газохимия, айыл чарба багытындагы 12 миллиард долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишим бар. Мындай экономикалык ири инвестициялык келишимге башка Борбордук Азия мамлекеттеринин бири дагы жетише алган жок. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин көрөгөч мыкты жетекчи экенин ушундан билсек болот.
Ал эми Казакстан болсо Катар менен соода экономикалык байланыштарды чыңдоо, тоо кен, нефти продукциясын өндүрүү, энергетика, финансы жаатында кызматташуу тууралуу 12 документке кол коюшкан.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казахстан Катарга 250 миллион долларлык айыл чарба багытындагы 60 түр азык-түлүк экспортунун көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.
Эми өзүбүзгө келсек, Катар мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон иш сапарынан биздин өлкө үчүн шапкебизди көккө ыргытып сүйүнө турган майнап деле чыккан жок десек аша чапкандык болбойт.
Эки мамлекеттин ортосундагы жетишилген жыйынтыкка токтоло турган болсок, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу багытында 13 документке кол коюлду.
Алсак, аскердик, маданий, бажы, ветеринария тармагында, саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу... Ошондой эле, спорт тармагында, укуктук, финансы чөйрөсүндө, айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында, Кыргыз авиациялык институту менен Катар авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшкан.
Кызыгы, өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум дегендери эле кызык. Мурда эмне эки өлкөнүн ортосунда аты аталган тармактарда келишпестик, түшүнбөстүк, чыр-чатак болду беле?..
Кыскасын айтканда, Катар эмиринин иш сапары Кыргызстан үчүн пайдалуу, жемиштүү болду дегидей, жалпысынан алганда экономикалык багытта конкреттүү каражатка байланыштуу ооз толтуруп айта тургандай эч кандай инвестициялык долбоорлор жок. Болгону курулай убада, макулдашуу жана меморандумдар...
Бизден соң Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин ат тизгинин Тажикстанга бурду.
Тажикстанды ала турган болсок, Катар менен тышкы экспортко ылайыкташкан экологиялык таза жашыл-жемишти кайра иштетүү багытындагы биргелешкен өндүрүштү түзүү, өзгөчө таза суу багытында узак мөөнөттүү тыгыз кызматташуу маселелери талкууга алынды. Бирок конкреттүү суммага байланган инвестициялык келишимдер тууралуу сөз болгон эмес.
Натыйжада, туризм, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын ачуу, илим-билим, маданият, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү багытында 15 документке кол коюшкан...
ТЕМИРБЕК УУЛУ АЛМАЗБЕК
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg