www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катарактанын баштапкы, жетиле элек, жетилген жана өтүшүп кеткен стадиялары бар. Алгачкы 3 стадиясында операция жолу менен дарылап айыктырууга болот. Өтүшүп кеткен катарактада чечекейдин кабыкчаларынын булачалары сүт өңдөнгөн суюктукка айланып жумшарып кетет.
Чечекейдин ядросу тереңге чөгүп, ошол суюктукта ары-бери жылып калат. Оорунун бул түрүндө көрүүнү калыпка келтирүүгө мүмкүн эмес.
Баштапкы катарактада атайын көз айнек же линза тагынуу сунушталып, тамчылатуучу дарылар жана витаминдер жазылышы мүмкүн. Сунушталгандар ооруну күчөтпөй тура алат делгени менен, илимде алардын так таасири аныкталган эмес.
Тескерисинче, дарт кийинки стадияга өтүп башташы мүмкүн. Андыктан дартты өтүштүрбөй дароо операция жолу менен дарылоо сунушталат. Операцияда чечекей алынып, ордуна интраокулярдык линза, башкача айтканда, жасалма чечекей салынат.
Жасалма чечекей карек өткөрүп берген жарыкты сындырып, көздүн торчо кабыкчасына өткөрүп берип, адам соо кезиндегидей баарын көрө берет.
Айта кетчү нерсе, жасалма линзанын сапаттуу, кымбатын салдыруу зарыл. Анткени чечекей бир гана жолу алмаштырылат.
Сапатсызы көздү ириңдетип, көздөн айрылып калууга чейин жеткирүүсү мүмкүн. Операция баш-аягы 20-50 мүнөткө чейин созулат. Операциядан кнйин бир аз убакытка чейин көз кычышат, жаш агат, жарыктан уялат. Бирок көрүү бир нече күндө жакшырат. Операциядан соң көздөгү кан басым көтөрүлбөшү үчүн оор нерселерди көтөрбөө, оор көнүгүүлөрдү жасабоо, секирбөө керек. Врач көздү инфекциядан коргоочу жана көздүн кан басымын жөнгө салуучу дары-дармекти жазып берет. Эки көздө тең катаракта болсо бир учурда же бирөөсүн жасаткандан 1 айдан кийин экинчисин жасатуу сунушталышы мүмкүн.
Булак: КабарИнфо