www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу ал өзү “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып ушундай мааниде айткан. Анда Мамбеталиев: “Россияда күч органдарында иштеген досум бар. Ошол досум экөөбүз машине сатып, ишкерлик кылалы дегенбиз. Чек арада чыр болуп кеткенде ага чалып, "ушундай болуп жатат, белек кылып койбойлубу" деп айттым. Ал дароо макул болду. Муну пиар деле кылгыбыз келген эмес. Интернетке эмне болуп чыгып кеткенин да билбейм. Мен ал жерден чай да ичкен эмесмин. Бердик, бата сурап эле чыгып кеткенбиз. Эми ал машинелер азыр чек арачылардын колунда. Бирок алар "алган жокпуз" деп айтып алышты. Билбейм, эми кандай болот. "Кайра алып кет" десе, алып кетем да. Балким башка кайрымдуулук иштерине берем, - деп жооп берген.
Эскерте кетсек, өткөн апта Эркин Мамбеталиев тарабынан Баткен милициясына эки жол тандабас берилди деген чырлуу маалымат фото-видео материалдары менен ырасталып, социалдык тармактарга тараган.
Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги дароо расмий түрдө четке каккан.
Эркин Мамбеталиев ким өзү?
Мамбеталиев Кыргызстан эгемендик алган жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. Кийин мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болгон.
Ал Кыргызстандагы Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү экени бир топ жылдардан бери массалык маалымат каражаттарында жазылып келет.
Эки жолу адам өлтүрүүгө катыштыгы бар катары соттолуп, кайра тез эле эркиндикке чыгып кеткен. Кызыгы, экөөндө тең эки революциядан кийин боштондук алган.
Айрыкча, экинчи ирет – болгондо да өмүр бою эркинен ажыраган Эркин Мамбеталиев 2010-жылдагы революциядан соң эркиндикке чыгып кеткен. Мындан улам коомчулук арасында анын мындай чагылгандык менен боштондук алынышына Атамбаевдин жеке тиешеси бар деп айтылып келет.
Булак: NazarNews.kg