www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Сони 5-6-июнь күндөрү республикага мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку даражалуу коноктун иш сапарынын негизги иш-чаралары Самаркандда өтөт.

Алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан менен Катар ортосундагы көп кырдуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Биринчи кезекте активдүү саясий диалогду жана маданий-гуманитардык алмашууну улантууга, энергетика, газ жана химия өнөр жайы, айыл чарба, инфраструктура, логистика, туризм жана башка тармактарда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалат.

Мамлекет башчылары ошондой эле эл аралык саясаттын жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйындын соңунда бир катар маанилүү өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу күтүлүүдө.

«Белгилей кетсек, Катар Эмиринин биздин өлкөгө сапары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдан ашык тарыхындагы биринчи иш сапары болот», - деп айтылат маалыматта.

Последние новости