www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак-өзбек мамлекеттик чек арасындагы 2 айылдын жери Казакстандын Түркстан облусунун аймагына расмий түрдө өткөрүлдү. Сөз Багыс жана Хиябон калктуу пункттары тууралуу болуп жатат.

Тиешелүү токтом 25-майда Казакстандын өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды. Өкмөттүн токтомундагы маалымат боюнча, Багис жана Хиябон айылдарынын жалпы аянты 795,62 гектарга жетет.

Чымкенттен 150 чакырым алыста жайгашкан Багыс айылында 1200 адам жашайт. 2001-жылы бул айылдын жашоочулары Өзбекстанга же Казакстанга карай турганын билбегенин айтып чыгышкан. Мындан кийин 2 өлкөнүн бийлиги сүйлөшүүлөрдү баштап, 2003-жылы айыл Казакстанга өткөн. Бирок Казакстандын картасына кошула элек болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости