www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кайда?" ыры менен популярдуу болгон казак ырчысы Ерке Есмахан өзүнөн 12 жаш кичүү жигитке турмушка чыкты. Ал RaiM деген каймана ат менен таанымал рэпер Райымбек Бактыгереев болуп чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Белгилүү айтыш чебери Айнур Турсынбаева Instagram баракчасына эксклюзивдүү сүрөт жарыялады. Анда Ерке Есмахан менен Райымбек Бактыгереевдин мечитте турганы тартылган. Автор ырчылар жума күнү баш кошушканын жазган.

Андан соң Ерке Есмахан дагы социалдык баракчасына нике кыйылып жаткан учурдагы сүрөттү жарыялаган.

Буга чейин казакстандык белгилүү ырчы Ерке Есмахан сүйүктүүсүнүн аты-жөнүн айтып, социалдык тармактарга бир катар сүрөттөрдү жарыялаган.

Ал эми 2023-жылдын 17-январында Instagram Stories баракчасында Райымбек Бактыгереев менен (рэпер RaiM) сүйлөшүп жүргөнүн тастыктаган.

Ерке Есмахандын айтымында, жүрөгүнүн ээси аны жек көрүүчүлөрдөн коргоп, бүт дүйнөгө каршы турат.

Жубайлардын ортосундагы жаш айырма 12 жаш: Ерке Есмахан 1984-жылы, ал эми RaiM 1996-жылы туулган.

Бул жаңылык казак сегментинде талкууга жем таштады. Айрымдар эки жашка бакыт каалашса, кээ бири ортодогу жаш айырмачылыгын сынга алышты. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости